www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу окурмандар буга чейин сиздер үчүн “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу жаңы рубрикабызды ачканбыз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап аткарып жүргөндөрүн ачыкка чыгарабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Мунун себебин баарыбыз жакшы билебиз. Ар бир чыгармачыл инсанга ильхом ар кайсы учурда күтүүсүз жерден келет. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылуунун амалын таба албай жүргөндөрү жок эмес.

Бул ирет биз кыргыз эстрадасынын булбул үндүү ырчы кызы Нурзат Сыдыкованын аткаруусундагы “Айланайын” аттуу ыр тууралуу айтабыз. Сахнадан алыстай түшкөн Нурзат бул ырды 2015-жылы аткарып, клип тарттырып ырдын аркасы менен эл көзүнө көрүнүп алды. Бирок, ырчы айым бул ыр казактардыкы экенин бир да ооз ачып айтпай койду же эл билбейт деп ойлодубу?

Айтор, белгисиз... Ал эми ыр казак элине таандык. Бул ыр 2010-жылы Казакстанда Кыдырали Болманов жана Каракат Абильдинанын аткаруусундагы “Айналайын” хит болгон эле. Ырдын автору казак элинин залкар композитору Ескендыр Хасангалиев. Төмөндө ыр эки тилде бар. Тыңдап, сындап өзүңүздөр баа бериңиздер окурмандар!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости