www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга мындан ары “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу жаңы рубрикабызды тартуулайбыз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап аткарып жүргөндөрүн ачыкка чыгарабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Мунун себебин баарыбыз жакшы билебиз. Ар бир чыгармачыл инсанга ильхом ар кайсы учурда күтүүсүз жерден келет. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылуунун амалын таба албай жүргөндөрү жок эмес.

Бул ирет биз Нурмат Садыровдун аткаруусундагы бир чыгарманы ачыкка чыгарабыз. “Торгоюм” деп сайрап, азыркы учурда бир аз да болсо эл оозуна алынып калган Нурмат мырза ыр уурдашты жакшы билет өндөнөт. Себеби, мыкты ырды өз репертуарына кошуп алыптыр. Анан да кызыгы ырдын автору румыниялыктар эмес, Мирлан Абдраев дегени бизди бир аз таң калтырды. Нурматтын аткаруусундагы кайсы ыр десеңиздер, анда ал “Эрке кыз”. Ырдын түп нускасы румын элине таандык. Бул ырды учурда Румыниялык ырчы айым Елена Георге “Mamma mia” деп аткарып жүрөт. Еленанын бул ырга тарткан клиби “Yuotube” желесинде 35 955 222 көрүүчүнү топтогон. Нурмат мырза бул ырды уурдап алганын эмнеге ачыкка чыгаргысы келбейт деген оюбуз жоопсуз калды...

Төмөндө ырдын эки вариантын тыңдап, өз чечимиңиздерди чыгарыңыздар окурмандар!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости