www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 7-февралда таң эртең менен «Dе-Факто» гезитинин журналистти Зулпукар Сапановдун үйүн УКМК тинтүүгө алган. Бул тууралуу маалыматты de-facto.kg сайты жазып чыкты.

Маалыматка караганда Зулпукар Сапановдун үйүн УКМКнын оперлери тинтүүгө алып үй ичиндеги компьютер, уюлдук телефон жана китептерин, өзүн суракка алып кетишкен.

Маалымат ирээтинде Зулпукар Сапанов өткөн жылы «Кыдыр санжырасы» аталыштагы китеп жазып окурмандардын сынына койгон. Аталган китеп жарыка чыккандан кийин ар кандай дин өкүлдөрү УКМКга байма-бай арыз жазышып, авторду камакка алууну өтүнүшкөн.

Ал эми автор аталган китепте эч кандай бөлүп жаруу же башка диндерге шек келтирүү жок экенин баса белгилейт. Учурда кабарчыбыз УКМКда сурак берүүдө, - деп жазат de-facto.kg сайты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости