www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылы Ташкентте көп багыттуу Муз ордосу ачылат. Өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 3-февралда комплекстеги курулуш иштери менен таанышып келгендигин жергиликтүү ММКлар жазышты.

Президенттин демилгеси менен курулуп жаткан комплекс өз ичине заманбап архитектуралык чечимдерди, алдыңкы технологияларды жана улуттук курулуш ыкмаларын камтыйт. Муз ордосунун имараты бакыт менен эркиндиктин символу болгон Улар кушунун формасында курулат.

Жалпы аянты 74 миң чарчы метрди түзгөн төрт кабаттуу имарат машыгуу залынан жана муз аянтчасынан турат. Отургучтардын ордун алмаштыруу мүмкүндүгү бар залга спорттук иш-чараларды өткөрүү маалында 14 миң киши, концерттерди уюштурганда 10 миң көрүүчү батат. Ошондой эле негизги корпусунда 300 орундук машыгуу аянтчасын даярдоо каралууда.

Чоң муз аянтчасында хоккей беттештери, шорт-трек, муз үстүндө көркөм бийлөө жана керлинг боюнча мелдештер өткөрүлөт. Андан сырткары залды баскетбол, волейбол, гандбол, футзал, бокс, таэквондо жана башка спорт түрлөрү боюнча оюндарды уюштурууга ылайыкташтыруу каралган. Түрдүү концерттерди, көргөзмөлөрдү жана форумдарды өткөрүүгө да болот.

Жалпы концепцияга ылайык, комплекстин аймагында спорттук музей, үстү жабылган балдар аянтчасы, машыгуу залы, фитнес-борбор, заманбап тамактануу жайлары, спорттук шаймандарды саткан дүкөндөр жана башка объектилер жайгашат. Андан сырткары комплекстин жанына төрт кабаттуу унаа токтотуу жайын куруу пландалган.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости