www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 24-июлда өлкөнүн Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Чүйдөгү Silk Way логистикалык борборунун курулушунан кабар алды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Бажы башчысы бул улуттук долбоорду ишке киргизүү тышкы экономикалык ишмердик жүргүзгөндөр үчүн жагымдуу шарттарды түзөрүн белгиледи.
"Бул өз кезегинде эл аралык соода жана товар жүгүртүү бөлүгүндө өлкөнүн экономикалык дараметин жогорулатууга жана өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир тийгизет. Индустриалдык парктын ачылышы анын көп функционалдуу болгону менен маанилүү. Бажы брокерлери жана кампа жайлары борбордоштурулат, тагыраак айтканда, бизнесмендер жана тышкы экономикалык ишкердик жүргүзгөндөр бардык кызматтардан бир жерден пайдалана алышат. Бул алардын иш жүргүзүүсүн кыйла жеңилдетет. Албетте, бул мамлекеттик казынага акча каражаттарынын түшүүсүн жогорулатат", —деп белгиледи Исабеков.
Бул улуттук долбоор иштеп баштаганда "ЮниЛаб" жана "БТС" терминалдарынын иштөөсү токтотуларын ал кошумчалады.
Ири улуттук индустриалдык парктын ачылышы Кыргызстандын 30-жылдык эгемендүүлүгүнө карата 31-августка пландалган.
Булак: NazarNews.kg