www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Учурда вакцина алуу боюнча катуу талкуулар жүрүп жатат. Көпчүлүк нааразы. Ковид болсо азая элек. Окурмандарга вакцина боюнча сиздин пикириңиз маанилүү. Ой бөлүшсөңүз?

- Ооба, ошондой болуп жатат. Менин баамымда, андай талаштартыштын жаралуу себептери белгилүү. Биринчиден, өкмөт, телерадио, тийиштүү мекемелер талапка ылайык үгүт иштерин жүргүзө алышпады. Тескерисинче, кээ бир чиновниктердин соцтармактардагы одоно үгүт иштеринен эл ичинде эмдөөгө оң эмес, тескери мамиле жаратууда.

Экинчиден, чукул келген пандемиянын чыгуу себептери, өзгөчөлүгү, вакциналардын чукул аралыкта даярдалышы жана вакцинациялоонун максаты, келечектеги таасири жөнүндөгү илим жана медицинадан алыс адамдардын, же кээ бир жоопкерчилиги жок медиктердин илимге, практикага таянбаган жеке көз караштары, божомолдору жана башка социалдык тармактардагы адамдардын, мисалы, “аксакалдардын”, “авторитеттердин” туура эмес ойлору, маалыматтары себепкер.

Үчүнчүдөн, коронавируска каршы жалпы адамзаттын азыркы иштери алгылыктуу жыйынтык бербей жатканы себеп. Төртүнчүдөн, биздеги жалпы коомдук аңсезимдин деңгээли. Элибиздин көпчүлүгү ушул маселеде караңгы. Бешинчиден, жалпы кыргыз практикалык медицинасынын алсыздыгы жана илимий медицинасынын, алардын ичинде эпидемиология, вирусология тармактарынын жана адистеринин дээрлик жок экени, алар болсо да вакцина, вакцинация жөнүндө элге чыгып түшүндүрө алышпай, өз милдеттерин так аткарбай, башка иштер менен, мисалы, академик болсок деп илимдер академиясына шайлоого чуркап ак эткенден так этип алек болуп жатышканы жана башка дагы бир канча факторлор баары биригип, адамдардын вакцинацияга болгон түшүнүгүн, ишенимин арттырбай, кайра тескери эффект берип жатат.

- Сиз вакцина алууга чакырасызбы? Таасири кандай?

- Вакцина алыш керек, өзгөчө медицина кызматкерлери. Себеби, биз өзүбүз эл менен тыгыз иштейбиз. Мен өзүм, биздин жамаат дээрлик баарыбыз, жүйөлүү себеби жоктор – баарыбыз вакцина алдык. Вакцинаны ар ким ар түрдүү кабыл алат. Көпчүлүк адамдар эч нерсе сезбейт. Кээ бир адамдар жалпы акыбалында бир аз өзгөчөлүктөр болгонун айтышууда. Дүйнө жүзү, Европа, Америка, Кытай, Россия жана Индия өлкөлөрүндө вакцинаны миллиондогон адамдар өз ыктыяры менен алып жатышат. Көп өлкөлөр өзүдөрүнүн вакциналарын чыгарышууда. Ошентсе да вакцина тартыш азыр. Анан анын өмүргө түздөн-түз коркунуч жаратканын мен окуп же уга элекмин.

Булак: Азия News гезити

Последние новости