www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте алдамчылыкка шектүүлөр кармалганын бүгүн, 24-июлда Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин финансы пирамидасынын — алдамчылардын курмандыгы болгонун айткан Чүй облусунун бир катар тургуну милицияга кайрылган. Алардын айтымында, WhatsApp аркылуу «Асыл айымдар фонду» менен таанышып, аны жетектеген аялдар акча же буюм түрүндө чоң киреше бере турганына ишендиришкен. Аларга ишенип, алар айткан номурга акча которуп турушкан. Бирок кайра убада кылынган киреше кайтарылган эмес.
Алдамчылык фактысы менен шектүү катары 1986-жылы туулган Б.Ч., 1974-жылы туулган Б.М. кармалып, убактылуу камакка алынды.
Алардын ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси текшерилип жатат. Сүрөттөгү шектүүлөрдөн жабыркагандар милицияга кабарласа болот. Байланыш номуру: 0 (552) 102-361, 0 (705) 270-903, 0(702) 472-225, 0(702) 660-006.
Булак: NazarNews.kg