www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европанын дары-дармек тескөөчүсү коронавируска каршы Moderna препараты менен 12-17 жаштагыларды эмдөөгө уруксат берди. Өспүрүмдөр деле чоң кишилер сыяктуу төрт жума аралык менен эки доза алат.

Май айында Европанын дары-дармек тескөөчүсү өспүрүмдөргө Pfizer/BioNTech вакцинасын саюуну жактырган. Расмий статистикага ылайык, Европа Биримдигинде калктын жарымынан көбү коронавируска каршы вакцина алды.

2-июнда Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) Кытайдын Sinovac компаниясынын коронавируска каршы вакцинасын колдонууга уруксат берген.

Буга чейин ДССУ Pfizer/BioNTech, Moderna, Johnson&Johnson, AstraZenecа жана Sinopharm вакцинасын каттаган. Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн 450 миңден ашык киши өттү. Алар "Спутник V" жана Sinopharm вакциналарын алышты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости