www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялык ырчы Дима Билан учурда Исландияда эс алып жүргөн чагы. “Голос” теле долбоорунун Кремлдагы концертинде өнөрүн көрсөтүп, чет өлкөгө сапар алган ырчы Исландиянын кар баскан жаратылышынын жана жеке өзүнүн сүрөттөрүн тынымсыз бөлүшүүдө.  Диманын Instagram желесиндеги жашоосу абдан тыгыз болуп, акыркы учурда чарчаңкы болуп жүргөнү сүрөттөрүндө көрүнүп турат. 2008-жылы “Евроведение” сынагынан кийин ишинин көптүгүнөн арыктап, эс алууга тап такыр убактысы жок болуп жүргөн Диманын ден-соолугу да кооптуу абалда. 35 жаштагын ырчы моралдык жана физикалык чарчоосунан тез арада арылбаса, көп маселе жаралаары белгилүү болду. Бул маалыматтар ырчыга жеткен соң, Исландиядагы дем алууда эшиктеги суукка карабастан, ысык сууга түшүп жатканы өзүнө кам көрө баштагынан кабар берсе керек. 

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости