www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) төрагасы Таиров Бакир менен Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат жолугушту. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы билдирди.
Аталган жолугушууга ЭККМК тараптан төраганын орун басарлары С.Т. Абдылдаев, Э.Э. Жамгырчиев, Штабдын башчысы А.К. Мамбетов, тышкы байланыш секторунун башчысы А.Т. Сатыбалдиев, ошондой эле Кызматтын башка ыйгарым укуктуу кызматкерлери катышышты. Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги тараптан төмөнкүлөр катышышты: соода боюнча башкы кеңешчи - Бехзат Эртен, Ички иштер жана коопсуздук боюнча кеңешчилер Тунжай Альян жана Мехмет Татлы мырзалар, Түркия Элчилигинин үчүнчү катчысы Айше Айдогду айым, Элчиликтин кызматкери Нурпаис Усенбаев.
Жолугушууну ЭККМКнын төрагасы Б.Д. Таиров ачып берип, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү менен учурашып жана келип бергендери, мындан ары да кызматташууга даяр экендиктерине ыраазчылыгын билдирип өттү, ошондой эле бүгүнкү күндө ЭККМКнын эң башкы милдеттеринин бири мамлекеттин экономикалык коопсуздугун түздөн-түз коргоо, өлкөнүн бюджетин толуктоо, ак ниет ишкерлерди жана жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамсыз кийлигишүүдөн коргоо, бизнес жана өлкөгө инвестициянын келиши үчүн максималдуу жакшы шарттарды түзүү болуп санааларын белгилеп өттү
Б.Д. Таиров ЭККМК органдары менен Түркия Республикасынын элчилигинин ортосундагы активдүү кызматташуу кыргыз жана түрк ишкерлеринин кызыкчылыгын коргоону камсыздашы мүмкүн деп белгилей кетти.
Өз кезегинде Женгиз Камиль Фырат мырза ЭККМКнын демилгесин колдоп, өз макулдугун билгизди жана бул жакшы инвестициялык чөйрө түзүү, эки бир тууган мамлекеттин ишкерлерин коргоо маселелерине көмөк боло турган Кыргыз Россия Түрк мамилелерин бекемдөөгө жаңы кадам экендигин белгилеп өттү.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу кызматташууну бекемдөө толук түрдө Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын соода-экономикалык мамилелерине таасир эте тургандыгын белгилешти, анткени экономикалык кылмыштуулукка чек жок! Мындан тышкары, ал акыркы жылдары уюштурулган мүнөзгө ээ болуп бара жатат.
Булак: NazarNews.kg