www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
7 - Апрель окуясы - (2010 жылы) мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жүргүзгөн саясатына каршы кызыкчылык топтордун аракети менен болгон. Кандуу кагылыштын арты менен бийлик "анткор" Убактылуу Өкмөттүн карамагына өткөн.
Андан бир нече жыл өтө дагы Аянтта ант ичип келген “анткорлор” эшектин тушоосун эмес, өздөрүнүн батинкесинин боосун “нормально” чече элек. Роза Отунбаева президент болуп патриот болумуш болгону менен Ош окуясына түздөн-түз күнөөлүү болсо дагы жооп бербестен, Кадыржан Батыровду Кыргызстандан качырып жиберди. Булар бийликке келери менен Кыргызстан канга чыланды. Кандуу кагылыштан улам, Апрель окуясында чырактай кыргыздын уулдары 86 бала мерт кетти. Ош окуясында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 400дөн ашуун кыргыз-өзбек жарандары каза тапты. Мурдагы президент мамлекеттик кадр саясатынын чалмакейин чыгарды.
Тагдырдын тамашасын караңыз, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев УӨ курамындагы жасалма "баатырларын" четинен “тизип”, алдын темир торго тыгып, артын аянттан кууп чыкты. Кыскасын айтканда, ынтымакка келбей ыдырашты. Бирок ачуу чындыкты айтыш керек Алмазбек Атамбаев айрым УӨ курамындагы саясатчыларды камап туура кылды. Бул кадамы менен Алмазбек Атамбаев Курманбек Бакиевден "өч" алып бергендей эле болду.
...Ошентип булар элди алдаш үчүн алды ант ичип, арты нан кармап касам ичип бийликке келди. Аянтта ант ичкен касамкорлорду атпай кыргыз журту го билет. Таң калычтуусу Таласта дагы нан кармап, таластыктарды алдагандар деле болгон экен.
Алсак 2010-жылы 26-мартта ошондогу оппозиция Койсун Курманалиеванын нан кармап ант берип жаткан сүрөтү биздин редакцияга келип түштү.
Койсун Курманалиева: “Урматтуу Таластыктар! Бишкекте да, БЭКтин лидерлерин бүт камап жатышат. Бирок, бийлик бир гана Таласта “ЭЛГЕ” өттү. Эми артка жол жок! Кыргызстан, бүт кыргыз эли бизди карап турат. Эртең Кыргызстан же бар болот, же жок болот! Ар бир башта бир өлүм, эртең 7-апрель аягына чейин туралык”, деп эл алдында өлкөнү көтөрөбүз дешип нан кармап ант ичкен.
Баса маалыматтарга таянсак УӨ бир үлкөнү 7 нанды Бишкектен алып барып, аларга нан карматып ант үйрөткөнүн каңкууланды. Негизи нандын кусуру кыргызда өтө кооптуу деп койчу эле...Арты кайырлуу болсун!
Убактылуу Өкмөт куралдуу күч менен мамлекеттик корукка алынган Ак үйдү басып алды, ортодо бейажал кыргыздын кырчындай жигиттери каза тапты. Эми мындай суроо жаралат?
--Эгерде бийлик УӨ каршы чыкса, эмне үчүн ошол убактагы оппозиция УӨ курамындагылардын бири да 86 жигиттин катарында кара жер кучактап жаткан жок?
--Эл арасында митингке катышкан жарандарга сууга кошулуп кандайдыр бир зат берип койгону эмне үчүн УӨ тарабынан бир дагы түшүндүрмө бериле элек?
--Ошондогу Апрель окуясында элге таралып кеткен курал-жарактар кайда жана кимдин колунда?
--Апрель окуясында октон каза тапкандардын көбү артынан жаракат алганы жашыруун боюнча калууда...
--Таластын укук коргоо кызматкерине УӨ бири “Таластан жок дегенде 10 адам өлүшү керек” деп, эмнеге буйрук берген? ж.б толгон токой суроолор УӨ курамына абдан көп...Тилекке каршы УӨ курамындагылар сыр бербей, мамлекетке жана элдин тагдырына "күйүмүш" болуп сүйлөгөндө күйбөгөн жериң күл болот экен.
Албетте, алар "Курманбек Бакиевдин үй-бүлөөлүк режимин кулаттык" деп, кол чапты. Бирок арадан 9 жыл өтсө дагы УӨ колдорунан коко келбей, ооздору менен оттоп, А.Батукаевди качырып, эшектин этин элге жегизип, Баш мыйзамдын түпкү көчүрмөсүн жоготкону эле болбосо чеке жылыткан жок.
Буларга мамлекетти өнүктүрүүгө ким тоскоолдук кылды? -Эч ким, болгону булар мамлекет же кыргыз эли үчүн эмес, бийлик үчүн революция кылганы көрүнүп калды.
Апрелде каза тапкан 80 ден ашуун жигиттин, Ош окуясында 400 дөн ашуун каза болгон инсандардын арбактары үчүн кыргыз элине күйүп, мамлекетке болуп көрбөгөндөй салым кошуп койсо болот беле? - Жок. Мындай өз кызыкчылыгы үчүн адамдын жанын садага чапкан УӨ курамындагылардай бети жок инсандар кайра кыргыздын бактысына жаралбай эле койсо экен.
Мына так ошолор чалып кеткен мамлекеттик, ички жана тышкы, экономикалык жана социалдык тармактар “атала менен ботала” боюнча азыркы президент Сооронбай Жээнбековго калды. Билген адамга Сооронбай Жээнбековго учурда мамлекеттик башкаруу өтө кыйын. Жээнбеков мурдагы бийликтин “булгап кеткен нерселерин” бир жылдын ичинде тазалашы мүмкүн эмес! Эми бул киши чечкиндүү кадамдарга барбаса баягы эле көрүнүш кайталанганы калды окшойт. Андыктан Сооронбай Жээнбеков, Убактылуу Өкмөттүн курамындагыларды бирин вазир, бирин акылман, бирин чабарман кылбашы керек! Анткени булардын баардыгы мурунунун учун гана көргөн, өз кызыкчылыктары үчүн баарына даяр турган "МАДЫРА БАШТАР"!
Булак: NazarNews.kg