www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Рахмонго ички оппозицияны басуу үчүн сырткы согуш суудай керек болуп жатышы ыктымал”. Мындай пикирди коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Facebook баракчасына жазды.
--“Бул сүрөттө 1997-жылдын май айындан Эмомали Рахмонов менен Абдулло Нури саясий келишимге кол коюп жаткан учуру тартылыптыр... Бул келишимге ошол учурдагы Кыргыз Республикасынын Президенти Акаевдин ортомчулдугу аркылуу жетишилгени тарыхый факт. Мына ошол келишимдин негизинде Рахмонов өз бийлигин сактап калып, кийин келишимдин шартына карабастан оппозцицияны бүтүндөй бийликтен сүрүп чыгып, жеке бийлик орнотуп алганын көрүп-билип эле турдук да. Азыр болсо өз бийлигин мурас катары уулуна өткөрүп берүү аракетинде. Балким мына ошол бийлик өткөрүү процессин жылма өткөрүү үчүн, ички оппозициянын үнүн басуу үчүн ага азыр сырткы согуш суудай керек болуп жатышы да ыктымал, муну да четке кагууга болбойт. Кандай болгон күндө дагы согушту ал жак каалап, от тутантып жатканына азыр дүйнөлүк коомчулук күбө.
Ал эми жогорку сүрөткө кайрыла турган болсок, ошол 1997-жылы Бишкектеги мамлекеттик резиденцияда өтүп жаткан сүйлөшүүлөргө кыйыр түрдө мен дагы катышып калдым. Анткени ал учурда Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы болчумун. Мага ал жакка Азрети Муфтий Абдусатар ажынын алып келүү тапшырылды. Көрсө Абдусатар ажы мурда Тажикстанда жашап, ал жакта чоң аалым катары таанымал болгондуктан Тажик оппозициясынын жетекчилери Абдулло Нури менен Тураджан Заделер таанышат экен, анын илимин сыйлашат экен. Ошентип мен Азрети Муфтий Абдусатар ажыны алып такай резиденцияда болуп турдум, сүйлөшүүлөрдүн танаписинде биз тажик оппозиция лидерлерине жолугуп, ал жай сурашып, ал жерде шарият жолунда тынчтык болуусу шарт экени айтылып, аларды келишимге келүүгө чакырып жаттык. Тилекке жараша чынында эле сүйлөшүүнүн экинчи күнүндө эки тарап бир дастарконго отурууга макул болуп, анан саясий келишимге кол коюлду”, - дейт Каптагаев.
Булак: NazarNews.kg