www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2021-жылдын 3-март күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын Мемлекеттик туусунун 29 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Ага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов, ИИМдин борбордук аппаратынын бардык бөлүктөрүнүн жетекчилери катышты. Салтанаттуу иш-чара ИИМде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимнинин коштоосунда Мамлекеттик тууну көтөрүү менен башталды.
Өз куттуктоо сөзүндө ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов мамлекеттик туу көз карандысыздыктын, патриоттуулуктун, биримдиктин жана Мекенге болгон сүйүүнүн белгиси экендигин билдирди. Мамлекетибизге өнүгүүнү жана тынчтыкты каалады.
Биздин өлкөнүн символдордун бири болгон Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында бекитилген.
Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк - үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт.
Мамлекеттик туунун авторлору: Эдиль Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыл Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков.
Булак: NazarNews.kg