www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдө вирустан 3 миллионго жакын адам көз жумду

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 114 миллион 790 миң 824 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 64 миллион 839 миң 314 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 547 миң 420 адам илдеттен каза болду. Бул статистикалык маалымат бүгүн, 3-мартка карата алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 28 миллион 717 миң 162 болду. 516 миң 475 адам каза болсо,12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 11 миллион 124 миң 527 адамдан аныкталды. 157 миң 248 адам каза болсо, 10 миллион 798 миң 921 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 10 миллион 646 миң 926 адам вируска кабылган. 257 миң 361 бейтап көз жумса, 9 миллион 506 миң 251 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости