www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандык ырчы Кайрат Нуртас апасынын маанайын көтөрүү үчүн руханий белек тартуулоону туура көрүптүр. Бул тууралуу ырчы: “Буга чейин апакеме туулган күнүндө жана даталуу майрамдарда белектин түрүн тартуулагам. Алтын, бриллианттан кооз жасалгаларды, батир, авто унаа ж.б Апакеме бир гана нерсени белек кыла элекмин.

Ал белек Меккеге алып баруу. Бул менин- кыялым” десе, апасы: “Уулум мен үчүн кылбаганы жок. Алыста гастролдо жүрсө да, менин көңүлүмдү алуу үчүн сюрприздерди жасайт. Алар кандай белек жана баасы канча экенин айтпайм. Себеби, коомчулук Кайраттын апасы дайыма эле мактана берет дешет. Сизди Меккеге алып барам деп көп убакыттан бери айтат. Бирок, жумуштан колубуз тийбей эле бара албай жүрөм. Ыңгайы келсе, Кудай буюрган күнү барып калаармын” деп билдирди.

Аруужан Булакбаева, NazarNews.kg

Последние новости