www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын 15-октябрь күнү Баткен ОИИБнин жыйындар залында  Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору К.С. Асанов Баткен ОИИББдин өздүк курамы, андан сырткары ИИОнун ардагерлери менен жолугушуп, анда укук коргоо чөйрөсүн реформалоо алкагында кабыл алынган 2019-жылдын 1-январынан күчүнө кирүүчү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин жоболору талкууланып жана “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору менен “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун презентациялоо менен талкууланды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин орун басары, милициянын генерал-майору  К. Асанов катышуучуларга жогорудагы мыйзам долбоорлор кабыл алынса, республиканын жарандары менен ИИОнун кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндө, андан сырткары башка укук коргоо органдарына өтө маанилүү экендигин баса белгиледи.

Жогорудагы “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2018-жылдын 28-июнунда республиканын парламенти тарабынан биринчи окууда кабыл алынып, экинчи окуунун алдында республиканын аймактарында кеңири талкууга алууну сунушташкан. Мыйзам долбоор Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөдөгү негизги тартиби менен шарттарында бирдиктүү укуктук жана уюштуруучулук, укуктук абалы, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык камсыздоо кепилдиги, укук коргоо органдарынын бардык кызматкерлеринин акча каражаттары, пенсиялык жана социалдык жактан камсыздалуусун ирээттөө каралган.

Андан сырткары, мыйзам долбоорду кабыл алуу укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин акчалай окладын көбөйтүү, биринчи ирээтте катардагы жана жетектөөчүлүк курамдагы кызматкерлердикин 40 % пайызга чейин, ошондой эле ИИОдогу кызмат өтөгөндүгү үчүн кошумча 30% пайызга көбөйтүүгө шарт түзүп, укук коргоо кызматынын аброюн көтөрүп, укук коргоо органдарынын түзүмдөрүндө орун алган паракорчулук көрүнүштөрүн азайтууга мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле, К.С. Асанов кызматкерлерге жаӊы басылып чыккан КР Кылмыш-жаза кодексинин, КРнын Жазык-процесстик кодексинин, КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин, КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин китептерин тапшырды. Аталган Кодекстер ЕККУнун каржылык колдоосу менен 3100 даана басылып чыгарылган. Киргизилген өзгөртүүлөрдү окуу жана практикада колдонуу үчүн республиканын ИИОнун аймактык бөлүктөрүнүн кызматкерлери окуп үйрөнүшкөндөн кийин, Республиканын ИИОнун кызматтарынын жана бөлүмдөрүнүн башчыларынан, ошондой эле облустук ИИБнын жетекчилеринен зачет алынаарын эскертти.

Бул Жарлыктын негизги максаты – коомдун, жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу мамлекеттик тутумун жогорулатуу болуп саналат. Ички иштер органдарынын потенциалын чыӊдоо жана жарандардын конституциалык укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, жарандардын, коомдун жана өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле мамлекеттик маанилүү объектилерди коргоо Кыргыз Республикасынын ички коопсуздугун камсыз кылуу системасын өркүндөтүүгө багытталган масштабдуу реформаларды жүргүзүүгө жетишүүнүн негизги жагдайы болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын ИИМи тарабынан жогорудагы Жарлыкты ишке ашыруу максатында укуктук, уюштуруучулук, каржылык жана башка маселелерди чечүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатат.

ИИОнун кызматкерлери менен ардагерлери жаңы мыйзам долбоорун толкундануу менен кабыл алышып, мыйзам долбоорун талкулоого активдүү катышып, абийирдүүлүк менен кызматтык милдеттерин аткарууга даяр экендигин Баткен ОИИБнүн Басма сөз кызматы билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости