www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019-жылдын 16-май күнү ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жана ардагерлери менен жолугушту. Нарын ОИИБнын имаратында жайгашкан медициналык кызматтын имараты менен таанышып чыкты. Милиция кызматкерлеринин жана ардагерлердин ден соолугуна кам көрүү максатында министр Кашкар Джунушалиевдин тапшырмасы менен Нарын облустук милиция кызматкерлери үчүн атайын медициналык кызмат түзүлүп, стационардык дарыланууга мүмкүнчүлүк ачылды. Учурда ден соолукту чыңдоого бардык шарттар жана мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Мында мыкты шарттарды министр өз көзү менен көрүп дарыгерлердин ишмердүүлүгүнө ыраазычылыгын билдирди. Андан соң курулуп ишке берилген эки кабаттуу спорт комплекси жана ок атуучу атайын жайдын да абалы менен жакындан таанышты.
Ушул эле күнү Кашкар Джунушалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун “2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы катары жарыялоо” Жарлыгынын талаптарын ишке ашыруу максатында, ички иштер министрлиги тарабынан Нарын облустук милициянын имаратында “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштеген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборун ачуу аземине катышты.
Бул салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Улан Алиев, Нарын ОИИБнын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Жолдош Тентимишов жана ардагерлер катышты.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштеген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборунун техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Улан Алиев документтерди берүү процесси кандайча боло тургандыгын, жарандарды тейлөө тартиби жана көрсөтүлө турган кызматтардын түрлөрү жөнүндө айтып берди.
Борбордун ачылышында Кашкар Джунушалиев - бул борбор жарандарга сапаттуу кызмат берүүнүн деңгээлин жогору көтөрүү максатында өлкөнүн ички иштер органдарын реформалоо алкагында ачылды. “Бирдиктүү терезе” принциби киргизилип, эми жарандар зарыл документтерин чогултуу үчүн бир канча инстанцияларга кайрылып убара тартпайт. Системанын киргизилиши менен справкаларды алуу тартиби кыйла жөнөкөйлөшүп, аларды берүү мөөнөтү кыскарат. Система ошондой эле мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө коррупцияны жоюуга өбөлгө болот,- деп баса белгиледи.
Бул борбор жарандарга сапаттуу кызмат берүүнүн деңгээлин жогору көтөрүү максатында өлкөнүн ички иштер органдарын реформалоо алкагында ачылды. “Бирдиктүү терезе” принциби киргизилип, эми жарандар зарыл документтерин чогултуу үчүн бир канча инстанцияларга кайрылып убара тартпайт. Системанын киргизилиши менен тактамаларды алуу тартиби кыйла жөнөкөйлөшүп, аларды берүү мөөнөтү кыскарат. Ошондой эле, система мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө коррупцияны жоюуга өбөлгө болот.
“Бирдиктүү терезе” принцибинде иштеген мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору Нарын облусунун жана Нарын шаарынын жашоочуларына төмөндөгүдөй кызматтарды көрсөтөт: адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылганы-тартылбаганы, өлкөнүн аймагында соттолгону-соттолбогону тууралуу справкаларды; кооптуу жүк ташыган транспорт каражаттарына уруксат кагаздарын; жарандык жана кызматтык курал-жаракты, кооптуу жардыргыч материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды кабыл алууга жана берүүгө лицензияларды жана уруксат кагаздарын берүү кызматтары.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Бирдиктүү терезе» режиминде мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору Нарын ОИИБдин имаратында жайгашкан.
“Бүгүнкү күндө “Бирдиктүү терезе” Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагын тейлеген Чүй ОИИББнын имаратында, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында ушул жылдын 20-мартынан баштап ишке кирип, алардын бардыгы облустук милициянын имараттарында жайгашкан. Мурда Жалал-Абад, Ош, Баткен облустары боюнча ар андай багыттагы аныктамаларды, уруксат кагаздарын алууда жарандардан милициянын дарегине көптөгөн нааразычылыктар болсо, мындай борборлордун ачылышы менен бул көйгөйлөр чечилди. Төлөм акысы борбордо жайгашкан терминалдарында жүргүзүлөт. Ар бир кызматтын төлөм акысы документтердин алуу убактыларына жараша болот.
Иш чараны жүрүшүндө ички иштер министри Кашкар Джунушалиев “Мындай “Бирдиктүү терезе” борборлорунун Республика боюнча ачылышы Кыргызстандын бардык жарандарына тез жана сапаттуу кызмат берүүнү деңгээлин жогору көтөрүү максатында өлкөнүн ички иштер органдарын реформалоо алкагында ачылууда. “Бирдиктүү терезе” принциби жакын арада жалпы өлкөбүздүн аймагында толук киргизилет, мына ошондо бардык жарандар керектүү жана зарыл болгон документтерин чогултуу үчүн бир канча инстанцияларга кайрылып убара тартпайт, убактыларын коротпойт, системанын киргизилиши менен справкаларды алуу тартиби кыйла жөнөкөйлөшүп, аларды берүү мөөнөттөрү кыскарат. Система ошондой эле мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө коррупцияны жоюуга өбөлгө болот жана жарандарды сапаттык тейлөөдө, элибиз күткөн үмүттөр ишке ашат”-, деп баса белгиледи.
Жогоруда аталган иш-чаралардын соңунда Нарын облустук ички иштер органдарынын кызматкерлерине социалдык шартын жакшыртуу максатында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу менен таанышты.
ИИМдин Басма сөз кызматы
Булак: NazarNews.kg