www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Кыргызстанга кезектеги гуманитардык жардам бергенин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Республикага бир жолу колдонулуучу медициналык коргоочу кийимдер, хирургиялык резина кол каптар, медициналык бет каптар, көз айнектер, бахилалар, халаттар, шапкалар, өпкөнү жасалма желдетүүчү аппараттары жана ПЦР-анализ жүргүзгөн аппарат тапшырылган. Жардамдын жалпы суммасы 63 миллион сомду түзгөн.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев кытай өкмөтүнүн COVID-19 менен күрөшүүдө өлкөгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле, коңшу мамлекеттер ортосундагы достук мамилелердин мындан аркы өнүгүүсүнө ишеним артканы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости