www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, бүгүн, 1-апрелде, ЮНЕСКОнун Башкы директору Одрэ Азуле менен видео конференция форматында сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Билим берүү, маданият жана илим жаатындагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты чыңдоо чаралары жөнүндө пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан ЮНЕСКО менен кызматташууга терең маани берерин белгилеп, ЮНЕСКОго коронавирус инфекциясы пандемиясы маалында өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлигине аралыктан окутууга өтүүдө техникалык жана консультациялык жактан көмөк көрсөтүп, мектеп окуучуларынын билим алуу процессин үзгүлтүккө учуратпоого өбөлгө түзгөндүгү үчүн ыраазычылыгын айтты.

Президент билим берүү системасын санариптештирүүдө жана билим берүүнүн сапатын жакшыртууда ЮНЕСКО менен мындан аркы кызматташтык өркүндөй берет деген ишенемин билдирди.

Мамлекет башчысы БУУ тарабынан 2021-жыл Туруктуу өнүгүүнү көздөгөн креативдүү экономиканын эл аралык жылы деп жарыяланганын эске салып, акыркы жылдары өлкөдө креативдүү өндүрүш жигердүү өнүгүп келе жаткандыгын белгиледи. Ал бул процесстин маанилүүлүгүн эске алуу менен ЮНЕСКОну ушул жааттагы кызматташтыкты күчөтүүгө чакырды.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин азайтуу жана биологиялык көп түрдүүлүктү коргоо боюнча Кыргызстандын эл аралык демилгелерине токтолуп, өлкөнүн ак илбирсти сактап калуу боюнча аракеттерин, ошондой эле ЮНЕСКОго Ысык-Көлдүн тескейин геопарктардын дүйнөлүк тармагына киргизүү тууралуу сунуштама даярдалып жатканын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Одрэ Азулени 2021-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасында өткөрүү мерчемделип жаткан жогорку билим берүү жаатындагы эл аралык конференцияга чакырып, ошондой эле ага өлкөдөгү мөңгүлөрдүн абалын өз көзү менен көрүп, таанышуу үчүн Кыргызстанда жайгашкан бийиктиги 5 миң метрден ашкан ЮНЕСКОнун атынан коюлган «ЮНЕСКО» чокусуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуш кылды.

ЮНЕСКОнун Башкы директору Одрэ Азуле Президент Садыр Жапаровдун тышкы саясаттагы жигердүү ишмердүүлүгүн, ошондой эле уюмдун эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстан менен жемиштүү кызматташып келгендигин белгиледи.

Ал Уюмдун иш-аракеттеринин маанилүүлүгүнө, өзгөчө коронавирустук инфекция пандемиясынын башталган учурда, 2020-жылы, дүйнө жүзү боюнча окуучулар бири-бири менен көзмө-көз сүйлөшө албай, аралыктан окууга аргасыз болгон кездеги ишмердүүлүгүнө токтолду.

Одрэ Азуле Кыргызстан билим берүү жаатында жигердүү кызматташып жаткандыгы үчүн Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.

ЮНЕСКОнун Башкы директору Уюмдун ар кандай долбоорлорду, анын ичинде заманбап реалдуулукту эске алуу менен музей иштерин өнүктүрүү, материалдык эмес маданий мурастар, табигый жана суу ресурстары жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пландары менен бөлүштү.

Одрэ Азуле Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташтыктын деңгээлине канааттангандыгын билдирип, 2021-жылы келип, Кыргызстандагы ЮНЕСКО чокусуна чыгууга чакырууну кабыл алды.

Ошондой эле ал Садыр Жапаровду ЮНЕСКОнун Париждеги кеңсесинде толук кандуу жолугушууга чакырды.

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров Кыргызстан ЮНЕСКОнун аткаруу кеңешинин мүчөсү катары Уюмдун ишмердүүлүгүн илгерилетүүгө бардык күч-аракеттерин жумшоого даяр экендигин тастыктап, алдыдагы ЮНЕСКОнун Башкы директорун шайлоодо Одрэ Азулеге ийгиликтерди каалады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости