www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айданбек Акматов:

“Кырдаалды реалдуу түрдө өзгөртө ала турган чара өкмөттө, мамлекетте барбы? Ал бар. Бирок ал популисттик эмес, бир кыйла убакытты, мээнетти, эсепти талап кылган чаралар. Мындай пикирин саясат талдоочу, көз карандысыз журналист Айданбек Акматов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

“Өкмөт башчы Улукбек Марипов өкмөттүн жыйынын куруп, анда “падышадай” болуп “реалдуу өзгөрүүлөрдү көрбөй жатам”, “мындай болуш керек эле”, “тапшырма бердим” деген сыяктуу сөздөрдү айтыптыр. Негизи эле Марипов мындай маанидеги дүңкүлдөгөн, бирок кургак сөздөрдү көп айтат экен.

Азык-түлүктүн кымбатташы боюнча да өрткө тамчы сепкендей чара же реалдуулуктан алыс калгандай сөздөрдү айткан эле. Мамлекеттик резервден май, шекер чыгарабыз, Россиядан арзан баада май, шекер сурайбыз дегендей. (Россия өкмөтү азык-түлүккө бааларды көтөрбөй кармаш үчүн өзүнүн тийиштүү компанияларына мамлекет эсебинен төлөп бергени жатат. Россия өкмөтү Кыргызстан үчүн төлөп беришине көз жетпейт. Ошондуктан Россия, Казакстандан базар баасында гана сатып алуу мүмкүн...).

Кырдаалды реалдуу түрдө өзгөртө ала турган чара өкмөттө, мамлекетте барбы? Ал бар. Бирок ал популисттик эмес, бир кыйла убакытты, мээнетти, эсепти талап кылган чаралар.

Маселен, Кыргызстанда өсүмдүк майы жетишпейт. Дээрлик 90% сырттан алып келебиз. Дүкөн, базарларда Россия, Казакстан, Өзбекстан майлары гана турат.

Мындай шартта нормалдуу мамлекет эмне кылат? Өзүнүн ички резервин карайт. Канча жерибиз бар, канча күн карама эгишибиз керек, ага канча каражат кетет, үрөндү кайдан алабыз?дегендей маселелер күн тартибине коюлуш керек эле.

Күн карамадан, пахтадан мынча түшүм алсак, ага кандай май завод керек? Шыкмаматов инвестиция тартууга тийиш... Инвестор болбосо мамлекет өзү насыя алып завод курабы?

Булардын бири жок. Өкмөт башчы район акимдерин тилдеп отурат. Кабинеттен чыкпайсыңар деп. Ал байкуштар эмне кылсын. Колунда бюджети жок болсо, кредит алалбаса, жерге кожоюн болбосо...

Бирок да Мариповдон өзүнөн да эмнени сурайсың? Ал өзү 11-апрелдеги референдумдан кийин кайда болуп каларын билбей бушайман болуп отурса керек.

Президент катары аткаруу бийлигинин башына келе турган Жапаров мындай маселелердин үстүнөн иштейби же Куловго “Конституцияны карабай калдым, башка маселелелер менен алек болуп”, - дегендей, башка “орчун” маселелер менен алек болобу...?”, - деп белгилеген ал.

Айданбек Акматов, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости