www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын мурунку тышкы иштер министри Хамрохон Зарифинин бир беткей чагымчылдык мүнөзгө ээ билдирүүсү, ансыз да татаал Кыргыз Тажик чек ара мамилелерин оорлотуп, эки элди кагылыша тургандай жагдайга түрткөнү ачык байкалууда.

20 жылдай Европа, Америкада элчилик кызматтарда жүргөн, такшалган дипломат дегенге татый турган, аксакал болчу адам эки элдин ортосуна от жагып, кырдаалды татаалдаштырып жатканы кандай?

Хамрохон Зарифини жакындан таанып, көп жылдар бойу канатташ иштеген биздин белгилүү дипломаттардын айтымынча, ал эч качан өз бет алдынча пикир карманбаган, айдама, өтө сак, жеке керт башынын гана кызыкчылыгын ойлогон куу адам экен.

Анан ошо куу бүгүн баатыр болуп чыга келди. Отко бензин бүркүп. Эртең Кыргыз Тажик жаңжалдашып чабыша кетсе жоопкерчиликти мойундоого даярбы?

Талдоочулар бир ооздон – “бул Хамрохон Зарифинин сөзү эмес, тажик бийлиги расмий эмес канал менен өз пикирин билдирүүдө”- деген ойду айтышууда. Андай эмес деген жокко эсе. -Эски элчи Тажик бийлигинин эле сөзүн сүйлөп атабы, же шыкактаган сырткы өнөктөштөрү да барбы? - деп суроо салгандар да жок эмес.

Тажик тараптын өтө эмоционалдуу, жалган дооматтарга, кыргызга каршы жек көрүүчүлүк, баскынчылык сезимдерге толгон “расмий эмес” пикири боюнча, алардын ойунча кырдаалдын курчушунун негизги күнөөкөрү Кыргызстандын Улуттук Коопсуздук Комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев экен. Негизги сокку ошого багышталганы ачык байкалып турат.

Отуз жылдан бери чечилбеген чек ара маселеси мезгил-мезгили менен курчуп, кагылышуулар болуп, эки тараптан жарандар мерт болуп келет. Эки эл тең тажап, маселенин бир жаңсыл болуусун көксөп турат. Ташиевдин, маселени бир жансыл кылуу аракетин кыргыздар эле эмес, чек арага жакын жайгашкан тажик туугандар да колдоп жатканы айтылууда.

Тилекке каршы аракеттер расмий тажик бийлиги тарабынан колдоо таппагандыктан Камчыбек Ташиев радикалдуу талаптарды айтууга мажбур болду. “Чек ара маселелери чечилмейинче Тажикстан тарапка контрабанда түрүндө ташылып жаткан товарлар токтотууларын, чектен чыккандарга күч колдонууга даяр экенин айтып маселени кабыргасынан койду.

Ыкчам аракеттер көрүлүп, чек ара жабылып, тажиктерде тартыштык башталып, бензин баасы 100 сомдон ашып, башка товарлар боюнча да баалар өсүп кыйынчылыктар башталып, тажик элинин ичинде нааразычылыктар башталып, тажиктер өз бийлигин айыптай баштаганы айтылууда.

“Кепке келип, кенешип кескен бармак оорубайт”- деген сунушубузду туура кабылдап, маселени чечкенге биргелешип киришкендин ордуна расмий Душанбе чагымды күчөтүп, “куу кандегин” тукуруп, абалды ого бетер оорлотуп салды.

Көзүн май баскан, тажик элин малга теңеп эзип көнүп алган карт диктатор Эмомали Рахмон эркин кыргыз эли коркуп кетет дедиби?

Жүрөгү түшкөн кыргыздар, тажик сценарии менен – “ким күнөөлүү дегенге алек болуп, Ташиевди казанга салып кууруп жешибиз керекпи?”

Анан “эр жигит эл четинде, жоо бетинде” дегенди унутуп алсыраганда тажиктер жерибиздин четинен каалаганча кертип ала берсе кандай болот? Ошого да карабай, “Камчыны бышырып жешсе, орду мага буйуруп калаар” деген арам ойлуу атка минерлерибиз да күйпөлөктөп, ар түркүн кеп таратып жатканын көрүп жаның кейийт.

“Уугум сага айтам уулум сен ук ...”  деген, урматтуу кыргыз элим!

Азыр “бул чыр эмнеден башталды, ким күнөөлүү” деп отура турган убакыт артта калды. Кыргыз абалтадан сырттан жоо келгенде ички ыйкы-тыйкыны токтотуп, жоого бирге аттанган. Биз азыр биримдикте болуп, жапырт чегибизди коргоого көтөрүлүшүбүз керек.

Камчыбек Ташиевдин демилгесин толук колдоп, чек араны толук жаап, блокада жасап, бүт куралдуу күчтөрдү чек арага тартып, бекем турушубуз керек!

Антпесек жерибиз кемип отуруп, акыры өзүбүз да жок болобуз! Аттан кыргыз жоо келди! Манас бабабыздын арбагы колдосун!

Сабыр МУКАНБЕТОВ, коомдук ишмер, саясат талдоочу

 

Последние новости