www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар” бекетинде абал туруктуу

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Чалдыбар” көзөмөл-өткөрүү бекетинде абал туруктуу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы бекеттер кадимки тартипте иштөөдө. Бүгүн саат 17:30га карата “Чалдыбар” бекетинде 30га чукул жүк ташуучу унаа токтоп турат.

“Бүгүн, 1-апрелде чек арадан унаалардын өтүүсү басаңдаган. Анын себептерин Кыргызстан жана Казакстандын чек ара өкүлдөрү иликтеп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

УКМКнын чек ара кызматы жүк ташуучулар үчүн өткөрүү бекеттеринен өтүүдө кыргыз тараптан эч кандай чектөө киргизилбегендигин белгилейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости