www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик башкаруу тутумуна министрлик жана ведомстволордун жетекчилеринин ишин баалоо, көзөмөлдөө жана мониторингдөө үчүн KPI механизмин (Key Performance Indicator – натыйжалуулуктун маанилүү көрсөткүчтөрү) ишке киргизүү керек. Бул туурасында премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн кеңешмесинде Кыргыз Республикасынын 2020-жыл үчүн социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктарын кароо учурунда билдирди.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө өкмөт алдында 100 күндүк программаны өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашыруу маселеси турат.

«Мамлекеттик орган жетекчилеринин күч-аракетин аталган проограмманын пункттарын аткарууга буруу зарыл. Мен мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик орган жетекчилеринин ишин объективдүү баалоо үчүн KPI тутумун киргизүү маанилүү деп эсептейм. Өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселесинде тармактык органдар азык-түлүк коопсуздугун, азык-түлүк продуктуларына карата бааны кармоо жана турукташтырууну камсыздоо боюнча сапаттуу ишти жүргүзүүсү зарыл», - деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр саламаттык сактоо маселесине токтолуп, коронавирус инфекциясынан вакциналарды сатып алууга финансы каражаттарын издөө зарылдыгын белгиледи.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиев Кыргыз Республикасынын 2020-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктарын сунуштады.

Ал белгилегендей, 2020-жыл дүйнөлүк жана улуттук экономиканын өнүгүүсүнө олуттуу таасирин тийгизди.

Координацияланган акча-кредиттик жана салык-бюджеттик саясатты жүргүзүү натыйжасында өлкөдө инфляциянын деңгээли максаттуу көрсөткүчтүн чегинде турду, ал эми инфляциянын орточо жылдык көрсөткүчү 106,3 % түздү.

Экономиканы жеңилдетилген кредиттөөнү колдоого алуунун инструменттерин кеңири пайдалануу банк секторун стимулдаштырууга мүмкүндүк берди, натыйжада, экономикага кредиттин 12,6 % өсүшү камсыздалган (2020-жылдын декабрь айынын соңунда 168,9 млрд сомду түздү).

«Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020» Программасынын катышуучулары 6 247,4 млн сом суммасына 5 086 ипотекалык кредит алды, анын ичинен 2020-жыл үчүн жалпы суммасы 864,5 млн сом саналган 474 кредит берилген. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тараптан 2020-жылдын 1-декабрына карата 417 млн АКШ доллары суммасындагы 2814 долбоор жактырылган.

«Ишкерлик субъектилерин каржылоо» программасын ишке ашыруу алкагында 2020-жылы жалпы суммасы 3 452,6 млн сомдук 2874 кредит берилген. «Айыл-чарбаны каржылоо» долбоорун ишке ашыруу улантылууда. Тактап айтканда, Айыл-чарбаны каржылоо – 8» программасынын линиясы боюнча жалпы суммасы 6181,0 млн сомдук 11974 жеңилдетилген кредит берилген. 2020-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын базалык жана камсыздоо бөлүгү жогорулатылган.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин алдын-ала маалыматы боюнча, ИДП реалдуу өсүү темпи 91,4 % түздү, ал эми Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда өсүү 91,0 % түздү. Негизги капиталга инвестициянын көлөмү бардык каржылоо булактарынын эсебинен 122,9 млрд сомду түзүп, 24,7 %га кыскарды.

Талкуу жыйынтыгы боюнча мамлекеттик аткаруу бийлик органдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталган бир катар тапшырмалар берилди.

Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылга иш-чаралар планынын аткарылышын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын президентинин Жарлыктарынын ишке ашырылышын өзгөчө көзөмөлгө алуусу тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости