www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Наманган облусунун акими Шавкатжон Абдуразаков президент Шавкат Мирзиёевден катуу сын уккандан кийин жашоо шарты өтө татаал Бунёдкор айылына көчүп барып, контейнерде жашайм деген чечим кабыл алды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Мирзиёев аталган облустун жашоо шарты менен таанышып жүрүп, Бунёдкор айылына капысынан кире кетүүнү чечкен. Жашоочулар кыштакта таза суу, газ жоктугун, жолдор талкаланганын, таштанды көйгөйү бар экенин айтып даттанышкан.

Жыйынтыгында өлкө башчы облус жетекчисин жана бир катар аткаминерлерди катуу сынга алган.

Көп өтпөй облус акими Шавкатжон Абдуразаков жергиликтүү эл менен жолугуп, көйгөйдү жеринен чечип, элдин турмушун өзүнүн жон териси менен сезүү үчүн Бунёдкор айылына көчүп келерин айтты.

"Эми мен силердин кошунаңар болом. Айыл жетекчилигинин имаратынын жанына контейнер койдуруп, ошол жерде жашайм. Сыртында "Облус акиминин үйү" деген жазуу болот", — деди Абдуразаков жарандарга.

Маалыматка караганда, ал биринчилерден болуп көп жылдан бери каралбай келген таштанды полигонун жаап, анын ордуна үч гектар жерге таштанды иргөө боюнча ишкана ачууну пландап жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости