www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ишеним жана жаңылуу, ишенчээктик жана жалган, кээде жаштык кездеги жалын от бүткүл дүйнөнүн аялдарын “Ислам мамлекети” убада кылган кооз “халифатка” алып келген. Эми сириянын Багуз шаарындагы согушкерлердин акыркы топтору талкаланып, жихадчылардын “кыздарын” фильтрациялык лагерлерге камап койгон учурда, алар жаңылышканын, көңүлү калгандыгын, өкүнгөндүгүн айтып, үйлөрүнө кайткысы келип жатат.

Көчүрүлгөн лагерлерде азыр жүз миңден ашык согушкерлердин үй-бүлөсү жана алардын тарапташтары жашап жатат. бул жерлерде аялдар өз тартиптерин орнотуп алышкан. Алар өкүнүп, ошол эле учурда өз өмүрлөрү үчүн коркуп жатышат. Болбогон бир халифат үчүн үйлөрүн таштай качкан аялдардын тагдыры мына ошол жерде.

Эң чоң лагерь - Эль-Хасака провинциясындагы Аль-Хол лагери. Аларды АКШ колдогон күрддөр менен арабдардан түзүлгөн “Сириянын демократиялык күчтөрү” контролдойт.

Учурда лагерде 70 миңден ашык адам бар. Дээрлик баары аялдар жана балдар.

Ошол эле учурда Аль-Холдо чет элдиктер үчүн өзүнчө зона бөлүнгөн: аларды сириялыктар менен ирактыктардан бөлүп кармашат. Ал жакта 11 киши жашайт. Алардын ичинде Германия, Индия, канада, Орусия, Тунис, Түркия, Тринидада жана Тобаго, Түштүк Африкадан келгендер бар. Чет өлкөдөн келгендердин бир бөлүгү Рож лагеринде кармалышат.

Сирия адашып барган аялдар: алар бизге бейишти убада кылышкан.

Булак:mediaplov.

Последние новости