СҮРӨТ - Чакалайдын чак түшүндө «Слово Кыргызстана» гезитинин редакторуна кол салуу болду
Коом | шаршемби, 24 фев 2021 09:00:37 | 837«Слово Кыргызстан» гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу Кифаят Аскерова кеңсесинде сабалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды.
Маалыматка ылайык, кеңсенин ичи чачылып, компьютерлер сынган. Ал эми жабыркаган башкы редактор учурда Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланып жатат.