Германияда коронавирус мутациясын жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйдү
Саясат  |   |  335

Германияда коронавирус мутациясын жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйдү. Бул тууралуу өлкөнүн расмий өкүлү Штеффен Зайберт билдирди.

"Сандар кайрадан өсүп, кооптуу жана жугуштуу мутациялардын үлүшү көбөйүүдө, В 117 мутациясынын үлүшү ("британиялык" штамм) жаңы учурлардын 20-25 пайызын түзөт" деди Зайберт.

Анын айтымында, бул көрсөткүч кайрадан көбөйүшү мүмкүн. 

Эске сала кетсек Германияда коронавирус илдети  2,3 миллион адамга жугуп, 68 миң адам көз жумган.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями