Каныбек Темиров, журналист: “Бирөө айтты, деди деп туруп эле журналисттерди камай берсе болобу?”
Коом  |   |  1815

"Үмүт иштеткен сайт мамлекеттик эмес, менчик сайт" - деди бүгүн, 23-февралда NazarNews маалымат агенттигине журналист Каныбек Темиров.

- Үмүт Мукамбетовадан материалда аты чыккан инсан “сайттан алып кой” деп өзү сураныптыр. Чынында сайтка илинген материалды алыш үчүн да акча төлөшөөрүн баарыбыз эле билебиз. Мындай принцип менен көпчүлүк менчик сайттар илгертеден эле иштешет. Аны камагыдай ал мамлекетке зыян келтирген деле жок да. Үмүт иштеткен сайт мамлекеттик эмес, менчик сайт. Ошондо аны камаштын канчалык зарылдыгы бар деген маселе жаралууда.  Буга чейин деле дагы бир кесиптешибиздин кызматы керек болуп, жок жерден эле жаман атты кылышты. Бирөө айтты, деди деп туруп эле журналисттерди камай берсе болобу? Чынын айтсам, акылга сыйбаган көрүнүштөргө кесиптештер тынчсызданып жатабыз, - деди Каныбек Темиров. 

Булак: NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями