www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-августта Иран Ислам Республикасынын Тегеран шаарында жаңы шайланган президент Сейед Эбрахим Раисинин инаугурациясы өттү. Анын кызматка киришүү салтанатына Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы да катышты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, инаугурация Ирандын Ислам кеңешинин Межлисинин имаратында, 115 өлкөдөн келген 265 меймандын катышуусунда өттү, алардын арасында элчилер жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, парламент депутаттары, сот бийлигинин өкүлдөрү жана башка расмий кишилер болду.

Салтанатты Иран Ислам Республикасынын Ислам кеңешинин Меджлисинин төрагасы Мохаммед Багер Галибаф ачты. Андан соң сот бийлигинин башчысы Г.Эжеи сөз сүйлөдү. Алар өз сөздөрүндө иш-чаранын бардык катышуучуларын куттукташып, инаугурацияга катышкандары үчүн чет элдик конокторго, Ирандын депутаттарына жана бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиришти.

Андан соң Ирандын президенти Эбрахим Раисинин ант берүү аземи болду. Өлкөнүн жаңы шайланган жетекчиси Конституцияны жана Ислам Республикасынын режимин коргоого, элдин көйгөйлөрүн чечүүдө күч-кайратын аябоого ант берди. Өз сөзүндө ал ички жана тышкы саясаттагы өз пландары менен бөлүшүп, ошондой эле инаугурациянын бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости