www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Урмат иним, "Сооронбай Жээнбеков камалсын!" дегендер чыкты. А киши камалгандай эмне кылды? Чын эле кыргыз элинин алдында күнөөсү барбы?
- Биринчиден, “Сооронбай Жээнбеков камалсын” дегендер – жалданма заказ. Кыргыз элинин кен байлыгын сатпаса, чет өлкөгө бербесе, бул жаатта кылмыштуу иш кылбаса, эмнеге камалмак эле? Экинчиден, мамлекеттин эсебинен карыз албай, ички ресурстар аркылуу сырткы карыздардан кутула баштаган. Ошондой эле Атамбаев канчалык досу экенине карабай, анын коррупциялык иштер боюнча эң башында турганын аныктап, аларга катуу чара көрө баштаган. “Гүленчилердин” ээн-эркин кылмыштуу иштеринин кулачын кенен жайылышына жол берген эмес. Жээнбеков кыргыз элинин алдында эч кандай деле күнөөсү жок.
- Азык-түлүктүн кымбатташы элди жакырчылыкка кептебейби?
- Азык-түлүктүн кымбатташынын бирден-бир себеби, бүткүл дүйнөлүк пандемиянын башталышы менен бир эле Кыргызстанга эмес, баардык өлкөлөргө өтө чоң таасирин бере баштаган. Анысы аз келгенсип, өткөн жылдын күз айларынан баштап мамлекеттин жүргүзгөн ички-тышкы саясаты туруктуу болбогондуктан жана бул боюнча өкмөт тарабынан алдын ала тийешелүү чаралар көрүлбөгөндүктөн, азыркы оор акыбалга келип отурабыз. Карапайым элибиз жаңы кийим алып кийүү же турмуш шартын оңдоо быякта калып, кантип кара курсакты тойгузуу жөнүндө ойлоп калды. Эгер ушу бойдон жүрүп отурсак, жакырчылыкка жакынкы арада кептелип калышыбыз да ыктымал.
- Дайым эл арасында жүрөсүң, коомчулук бийликтин кайсы иштерине нааразы?
- Бу жерде бийликтин эки нерсесине эл нааразы. Биринчиси – азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүүдө тандалма иштерге барып атканына, жеке өч алуу жагына басым кылынып атканына. Экинчиси – кадрдык саясаттын аксап атканына, анын ичинде мамлекеттин башында чейрек кылым башкарып турган Турдакун Усубалиевдин каргышына калган Акылбек Жапаровду өтө эле тайраңдатып, бийликтин чоң кызматына алып келип койгонуна эл нааразы. Ошондой эле Чолпонбек Абыкеевди мамкатчы кылып койгонуна элдин көңүлү ток эмес. Мындан сырткары, бийлик Өмүрбек Бабановду “кустурабыз” деп камап алып, эч ооруган диагнозу аныкталбай, айтылбай туруп бошотуп жибергенин эл туура көргөн жок.
Булак: Азия News гезити