www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Тажикстан Лейлектеги ооруканага ок атты

Баткен облусунда белгисиз адам ок чыгарып, ал Лейлек районундагы Интернационал айылындагы оорукананын терезесине тийген. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

В Баткенской области неизвестный произвел одиночный выстрел, попав в окно больницы в селе Интернационал Лейлекского района

Маалыматка караганда, 11-августта саат 15:10дор чамасында Тажикстан тараптан бир ирет ок атылган. Жеринен АК-74 автоматынын 5.45 мм калибрлүү огу табылган. Эч ким жабыркаган эмес.

В Баткенской области неизвестный произвел одиночный выстрел, попав в окно больницы в селе Интернационал Лейлекского района

Окуядан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүп, тажик тарап Интернационал айылына жакын жерде кызмат өтөгөн чек арачыларынын куралын текшерерин убадалаган.

"Саат 17:00дө тараптардын чек ара өкүлдөрү жолукту. Анда тажик тарап куралдарды текшерүүдө чек арачылар ок чыгарбаганы аныкталганын билдирди. Ошол эле учурда Тажикстандын чек ара өкүлү ок кокустан атылып кетиши мүмкүн экенин билдирди. Жолугушууга келгендер ар кимиси өз тарабында териштирүү жүргүзүүнү макулдашты", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости