www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районунда жайгашкан чоң сарай күйүп кетти. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тастыктады.

Сарайдын ээси Маккамбай Дарбановдун айтымында, ичинде 400дөй бука багылып жаткан. Кыш мезгили үчүн камдалган чөп, кампасындагы жем да күйүп кеткен.

Ал эми ӨКМдин билдиришинче, өрт бүгүн саат 11:00дөр чамасында чыгып, беш өрт өчүрүүчү бригада тартылган.

"Букаларды караган беш үй-бүлө да ушул жерде жатып иштеп келген. Жалын чыга баштаганда айылдаштар малды сарайдан алып чыгып кеткен. Жабыркаган адамдар болгон жок. Сарайдын чатыры да жарактан чыккан. Өрт электр зымдарынын туташуусунан чыккан болушу мүмкүн", — деди сарайдын ээси.

Өрт өчүрүүчүлөргө Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу башкармалыгынын унаасы да суу ташып берүүгө көмөктөшкөн. Учурда жалын толугу менен өчүрүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости