www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Тажик тарап элин алдына салып провокация уюштурушуп жатат”. Бул тууралуу бизге Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.
Анын сөзүнө караганда, кыргыз тарап тажик чек арачыларына атаандаша Максат айылында альтернативалык курулуш башташкан. Ал менчик үйдүн тосмо дубалы. Бирок, бул курулуш иштерине тажик тарап тоскоолдуктарды жарата башташкан.
Мындан мурдаарак кырдаал тынч экени. Нааразычылык билдирип чыккан жергиликтүү калк тарап кетишкени айтылган болчу.
Андан мурдаарак белгилүү болгондой, тажик чек арачылары кыргыз тарап менен макулдашпастан Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) жергесинде курулуш иштерин жүргүзүп башташкан. Мындан улам нааразы болгон жергиликтүүлөр чогулган болчу. Ал эми маселени такташуу боюнча эки тараптын чек ара башчылары сүйлөшүп жаткандыгы айтылган.
Булак: NazarNews.kg