www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Тогуз-Тородо Эгемендиктин 30 жылдыгы жогорку деңгээлде өттү

31-август - Кыргызстанда эгемендик майрамы өлкөнүн бардык аймактарында белгиленет.

1990-жылы октябрь айында Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңеши мамлекеттин аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда республиканын Эгемендик тууралуу декларациясын кабыл алган. 1991-жылы 31-августта эгемендүүлүк күнү жарыяланган.

Өлкө тарыхындагы өзгөчө мааниге ээ бул майрам 30-31-августта Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп келет.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда дагы бул майрам жогорку деңгээлде белгиленди.

Тогуз-Торонун Казарман айлында жайгашкан Жээнтай Кыдыров атындагы райондук паркта өттү.

Салтанаттуу иш-чарага райондун акими Мирлан Карагулов, мекеме-ишканалардын башчылары, кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Анда ар кайсы тармактагы мамлекеттик кызматтар, ишканалардын өкүлдөрү улуттук кийимдер менен параддан өтүштү.

Келген конокторго райондук билим берүү жана маданият бөлүмдөрү сахналаштырылган чоң программадыгы концерт тартуулашты. 

Маданий иш-чаранын жүрүшүндө улуттук баалуулуктар камтылган, ата-бабалардан калган маданий мурастар, үрп-адаттар, каада-салтта жана тарыхый окуялар сахналаштырылып чагылдырылган. 

Андан соң аталган аймактын жетекчиси Мирлан Карагулов жана башкалар сөз сүйлөп, элди майрамы менен куттукташты. Ошондой эле, чөлкөмдүн социалдык-экономикалык, спорт, маданият, энергетика тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлер, жумушчулар, атайын ардак грамота жана башка сыйлыктар менен сыйланышты.

Алар менен катар региондун өнүгүшүнө салым кошкон инсандарга Тогуз-Торо районунун "Ардактуу атуул" наамы ыйгарылып, “Ардак грамоталар” тапшырылды.

Айыл өкмөттөр жана "Макмал Голд Компани" ишканасы тарабынан боз үйлөр тигилип, улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулуп элге бекер тамак таратылды. Меймандар ар бир боз үйгө кирип, даам сызып, ички, тышкы жасалгасы жана боз үйдөгү улуттук буюм-тайымдарга күбө болушту.  

Ошону менен катар Отор Чопиев атындагы спорт мектеби тарабынан спорттук мелдештердин түрү өткөрүлдү. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр медалдар жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Майрамдык салтанатка келген меймандар жана жашоочулар Кыргызстандын эгемендүүлүгү Тогуз-Тородо жогорку деңгээлде уюштурулганына ыраазы болуп, көңүлдүү кайтышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости