www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кувейт мамлекетинин Эмиринин кеңешчиси, БУУнун башкы катчысынын атайын кеңешчиси жана Эл аралык ислам кайрымдуулук уюмунун төрагасы Абдулла Маатук Аль-Маатукту кабыл алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз катчысы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин кызматташтыгынын келечегин, анын ичинде Кувейт тараптын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын аймагында гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы маселени талкуулашты.

Абдулла Маатук Аль-Маатук кыргыз элин маанилүү окуя — өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, республикага мындан ары гуманитардык жана социалдык колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Улукбек Марипов Кувейт тарапка Бишкек шаарында жана республиканын аймактарында ооруканаларды, билим берүү жана социалдык объектилерди куруу сыяктуу ар кыл социалдык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөткөндүгү, өлкөнүн калкынын аялуу катмарын колдоо боюнча иши үчүн ыраазычылык билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Кувейт тарапты Ош шаарына онкологиялык борборду куруу долбоорун ишке ашыруу маселесин карап чыгууну сунуштады.

Тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары карай чыңдоо зарылдыгын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости