www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британия Ооганстанда калган жарандарын жана өнөктөшөрүн чыгарып кетүүгө “коопсуз коридор” түзүү үчүн талибдер менен түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Премьер-министр Борис Жонсондун Ооганстан боюнча өкүлү Саймон Гасс Катарга “Талибандын” өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн жөнөп кетти. Ал британ жарандарын жана алар менен иштеген оогандыктарды чыгаруу үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

“Талибандын” көпчүлүк лидерлери АКШ баштаган антитеррордук коалиция Ооганстанда турган учурда Катарда жашап жүрүшкөн. Буга чейин Ооганстанда британ өкмөтүнө жардам берген бир катар оогандыктар калып калганын, алардын өмүрүнө коркунуч туулуп жатат деп британ өкмөтүнө сын-пикирлер айтылган эле.

Эске салсак, “Талибан” кыймылы Ооганстандын борбору Кабулду 15-августта ээлеп алган. Бул АКШ баш болгон коалициялык күчтөрдүн аскерлерин ооган жергесинен чыгарып жаткан учурга туш келген. Мындан соң Батыш өлкөлөрү Ооганстандан өз жарандары жана алар менен иштеген оогандыктарды чукул шартта чыгарууга туура келген.

АКШ 30-августта Ооганстандан аскерлерин толук чыгарып кетти. Ошентип америкалык күчтөрдүн ооган жергесиндеги 20 жылдык миссиясы аяктады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости