www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын жай айларынан тарта Энергетика министрлиги жана Улуттук энергохолдинг тарабынан "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКсынын жетекчилигине карата негизсиз куугунтуктар башталган. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине Кыргызстандын улуттук электр тармагынын ААКсынын экс-башкы директору Эмил Куданалиев билдирди.

«Биздин компанияда оор кырдаал жаралып жатат. Коррупциялык схемаларды түзүү максатында башкармалыкты ачык түрдө эле басып алуу иштери жүрүүдө. Улуттук энергохолдингдин жана Энергетика министрлигинин жетекчилери КУЭТтин жетекчилик кызматына өздөрүнүн адамдарын дайындагылары келип жатат. 15-июндан бери мага бир нече жолу өз каалоом менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазууну сунушташты, бирок мен макул болгон жокмун. Ошентип, алар кызматтан кетирүүнүн башка жолдорун издей башташты. Алар текшерүү комиссиясын жөнөтүшүп, анда эч кандай мыйзам бузуулар болгон эмес. Бирок, кийин алар авариялык өчүрүүлөр боюнча жасалма статистиканы чыгара башташты», - деди ал.

Мындан тышкары, "КУЭТ" ААКтын мурдагы жетекчисинин айтымында, Улуттук энергохолдингдин ар бир жаңы жетекчисинин келиши менен улам пландар өзгөрөт, жаңы милдеттер коюлат, кадрдык өзгөрүүлөр болот. Бирок энергетика тармагындагы абал барган сайын начарлоодо. Акыркы жылдары Улуттук энергохолдинг жазалоочу органга айланып, кошумча функцияларды гана аткарат, чексиз отчетторду талап кылат, тынымсыз текшерүүлөрдү жүргүзөт", - дейт  "КУЭТ" ААКсынын экс-башкы директору Эмил Куданалиев.

Эске сала кетсек, Жолдошбек Ачикеев Кыргызстандын Улуттук электр тармагы (КУЭТ) ААКнын башкы директору болуп дайындалган.

Анын дайындалышы боюнча чечим КУЭТтин директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынган. Бүгүн Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Равшанбек Касымов жаңы лидерди командага тааныштырды. Буга чейин ал кызматты Эмил Куданалиев аткарып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости