www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чыгыштын чыныгы ханзаадасы, айымдардын жүрөк оорусуна айланып, түрк тилинде керемет чыгармаларды аткарып дүйнө жылдызына айланган бул – Таркан. Ал Германияда төрөлүп, көп жыл Турцияда жашап, азыр Нью-Йоркто жүргөн жылдыз өзүн “дүйнөнүн жараны” деп атап жүрөт. Сүйүктүү ырчыңыздар тууралуу көбүрөөк билүүнү кааласаңыздар, анда маекке көп чаптырыңыздар!
- Таркан, кайсы адабий чыгармаларды көп окуйсуз?
- Китеп окуу- менин хоббим. Паоло Коэльонун "Алхимик" чыгармасын окуп, мен өзүмдү чоң аралдай эле ача алдым. Өзүмдү ар тараптан биле алдым.
- Кинодо кайсы каармандар жагат?
- Бэтмен жагат. Ал чыныгы мырза экени тасмада кеңири баяндалган.
- Достукта эмнени баалайсыз?
- Достукта мен чындыкты, ишенимдүүлүктү баалайм.
- Адамдардагы кайсы сапатты баалайсыз?
- Мен жашоого позитивдүү көз караш менен караган адаммын. Жөнөкөйлүк, адамгерчилик, коомчулук менен тил табышуу жагат. Дүйнө, адамзат менен бирге алдыга жылуу кажет деп билем.
- Көп колдонгон сөзүңүз?
- “Кымбатым менин” деген сөздү көп колдоном.
- Жөнү жок акча чачкан күндөрүңүз болгонбу?
- Жөнү жок акча чачуу ар бир эркектин башында болот. Эгер адамга жөн эле акча коротуу ырахат тартууласа, анда эч нерсе калгычакты коротуу керек. Акча келет, кайра кетет.
- Бош убактыңызда эмне менен алектенесиз?
- Алар абдан көп, азыр баардыгын эстөөгө мүмкүнчүлүк жок. Мага иштеген жагат. Бош олтургум келбейт. Сүйүктүү иштерим менен гастролго чыгып көп алек боло албайм Бул мен үчүн өкүнүчтүү.
- Жашоодо кандай күчкө ээ болгуңуз келет?
- Мен эркин учкум келет.
- Жашоодогу девизиңиз кандай?
- “Эртеңки күн келбечүдөй, бүгүн жаша. Сүй, эч нерсе оору болбогондой. Бийле, эч ким көрбөгөндөй”.
- Билимиңиз жок ырчы экениңиз чындыкпы?
- Ооба, аны моюнума алам. Мектепти бүтүп кесип тандаганымда Стамбулдагы фундаменталдык-инженер университетине тапшыргам.
- Сиз абдан көп сүйлөгөн, ачык жан экенсиз. Ал эле эмес кулагыңызда сөйкөңүз да бар экен. Турцияда бул нерсеге кандай карашат?
- Турция акыркы жылдары албетте өзгөрүлдү. Сөйкөнү жаңы тагынганымда абдан көп талкуулашкан, сындашкан азыр болсо көбү тагынышат. Эркиндик жакшы эле сезилип, айымдар дагы сексуалдуу болуп калышты.
- Мүнөзүңүз кандай?
- Мен эң соонун жигитмин! Жылдыз белгим- тараза. Бир калыптагы, тең салмакты кармап турган мүнөзүм бар. Романтик боло алам. Досторум менен шаңдуу эс алганды жактырам. Анан да мен жаман эмес психологмун: мен адамдарды жакшы билип, алардан эмнени күтсө болоорун көздөрүнөн, кыймыл-аракеттеринен биле алам.
- Арыла албай жүргөн адаттарыңыз барбы?
- Айтсам сиз ишенбейт болушуңуз керек, бирок менин жаман адаттарым жок. Ичпейм, наркотик колдонуп көргөн эмесмин. Кээде гана жакшы кызыл винодон татып коюшум мүмкүн.
Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg