www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүйдүн Сокулук райондук милиция кызматкерлерин пара талап кылган деген шек менен колго түшүрдү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Задержанный с поличным сотрудник ОВД Сокулукского района по факту вымогательства взятки. 22 июля 2021 года

Анда айтылгандай, милиция кызматкерлери кылмыш ишин шектүүнүн пайдасына чечип бермей болушкан.

"Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары А.А.К., тергөөчү И.А.А. жана райондук ыйгарым укуктуу өкүлү А.А.М. өз ара макулдашып алып сотко чейинки өндүрүштү оң тарапка чечип беребиз деп акча талап кылышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Сверка купюр при задержании с поличным сотрудника ОВД Сокулукского района по факту вымогательства взятки. 22 июля 2021 года

УКМК Ички иштер министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүндө коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларынын алкагында ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте иш жүргүзгөн. Натыйжада 1000 доллар өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Сокулук РИИБдин полковник, капитан жана ага лейтенант кызматкерлери аныкталган.

Служебное удостоверение задержанного сотрудника ОВД Сокулукского района по факту вымогательства взятки. 22 июля 2021 года

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында милиционерлер УКМКнын убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости