www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Залкар таланттын күмбөзүндөгү түндүктү көтөрүп, мамлекетибиздин зоболосу көтөрүлсүн деп ниет кылышыбыз керек», - деди бүгүн, 22-июлда NazarNews маалымат агенттигине акын жана журналист Сонунбүбү Кадырова.

«Түндүк - бул Улуу Журт. Бир өлкөнүн бүтүндүгү. Албетте, Айтматовдун күмбөзүндөгү жерге жакын жайгашкан түндүктү көтөрүү маселе туура эле көтөрүлдү. Айтматов каза болгондо түндүгүбүз түштү, жалпы журт аза күттүк. Артында өлбөс, өчпөс чыгармалары калды. Эми түндүкту бийик көтөрүп, алдыга карай өнүгүүгө кадам ташташыбыз керек.

Негизи жер каймактагандан бери эле адамзат ар кандай эн-белгилерге кызыгып, чечмелеп, кубатын карап, аны жакшылыкка, оңго буруп жашап келген. Биз да жакшылыктан ниет кылып, залкар таланттын күмбөзүндөгү түндүктү көтөрүп, мамлекетибиздин зоболосу көтөрүлсүн деп ниет кылышыбыз керек. Анткени, түшкөн түндүк жамандыктын белгиси. Ошондуктан, адам баласынын түндүгү көтөрүлүп, бийик турушу керек», - деп белгиледи Кадырова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости