www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таалатбек Масадыков вице-президент боло алабы?

Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары болуп дайындалган Таалатбек Масадыков мырзанын келишин элдин баары эле жылуу кабыл алды. Бул агабыз көптү көргөн, эл аралык чөйрөдө чоң тажрыйба топтогону чын. Эми ошол билимин кыргыздын кызматына пайдаланса, баарыбыз сүйүнөбүз.

Тилекке каршы, анын ийгиликке жетерине күмөн көп. Кыргыздын генералитети азыркы кезде эч кимди тоготпой тургандай. Масадыков мырза тез эле шайы ооп, адаттагыдай даттанып, Ак үйдүн эшигин тарс жаап кетип калабы (?) деп көпчүлүк күтүүдө. Дагы кайсы бир билерман дар ал мырзаны вице-президент даражасына чыгарып, «бул киши орустардын ишенген адамы, жакында бардыгына көрсөтөт, тартип орнотот деп да үмүттөнүшүүдө. Эмне болсо дагы Таалатбек Масадыков мырзага ийгилик каалайбыз, президенттин тегерегинде таза жана компетенттүү инсандар өтө эле аз, жардамга муктаж.

Булак: Азия News гезити

Последние новости