www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөсү үчүн курулуп жаткан 36 турак-жайдын курулушу менен таанышты.

Бул максатта Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 5 га жер тилкеси бөлүнгөн.

Белгилегендей, мында 6 сотук жер тилкеси бар 4 бөлмөлүү үйлөр курулат. Алар тийиштүү техника жана эмерек менен камсыздалат, ошондой эле борбордук коммуникацияларды өткөрүү пландаштырылууда. 

«Курулуп жаткан үйлөр жаңы жашоонун башаты болсун», - деди Улукбек Марипов. 

Белгилей кетсек, турак-жайлардын курулушу 80% бүтүрүлгөн, аларды үстүбүздөгү жылдын 31-августунда пайдаланууга берүү пландалууда. Мындан тышкары аталган шаарчанын аймагында балдар бакчасын куруу да каралууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости