www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жай турмуш өтүп турган мезгилде үрөй учурган окуя Жалал-Абад областынын Ташкөмүр шаарында болду.

2020-жылдын 29- октябрында Жалал -Абад областынын Ташкөмүр шаарынын Каражыгач жолунун 49-чакырымында жол кырсыгы катталып, Ауди жана Матиз үлгүсүндөгү унаалар кагышып, Матизден бир жаран ал эми Ауди унаасынан он гүлүнүн бир гүлү ачылбаган 19 жаштагы эки жигит мерт кетишкен. Калгандары да абдан оор акыбалда Аксы райондук ооруканасында жандандыруу бөлүмүндө ажал менен алп урушуп жатышат.

Окуянын келип чыгышына себепкер болгон эң негизги себептердин бири болгон Ауди унаасын башкарып бара жаткан жигиттин эч кандай авто унаа башкарганга айдоочулук күбөлүгүнүн жоктугу жана жаңыдан айдап үйрөнгөнү үрөй учурган окуяны жаратты. Жүрөк үшүн алган окуянын дагы бир себептеринин  бири номер 38-Ташкөмүр жолун куруу ишканасынын жетекчилигинин текебердиги десек болот. Анткени, каргашалуу окуя болгон жерде буга чейин бир нече адам өмүрүн алган кырсыктар катталган. Эмнегедир кырсыктын алдын алуу максатында жол белгилерин жана жолго төшөлчү ылдамдыкты акырындатчу бөлтөкчөлөрдү койбой келишет. Мына ушулардын кайдыгерлигинен  далай өмүрлөр кыйылды. Мындай текеберленген жетекчилердин айынан дагы канчалаган өлүмдөр катталаары белгисиз... 

Урматтуу Транспорт жана жолдор министри жана Ички иштер министринин  жетекчилери, окуя болгон жерди барып жеке көзөмөлгө алып, тиешелүү жол белгилерин орнотпосоңор дагы далай үй-бүлөнү ыйга, кайгыга саласыңар...Ташкөмүр жол куруу ишканасынын ишин кылдаттык менен текшерүүгө алышыңыздарды талап кылам...Себеби, окуя болгон жерде ондогон өлүм менен коштолгон кырсыктар катталып келген. Мындан ары да кырсык катталбайт деп эч ким кепилдик бере албайт...

Аксы районунун тургуну
Жарандык активист Адылбеков Ыктыяр...
"Аксы Апрел Акыйкаттык" коомунун Бишкек шаардык координотору 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости