www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Жалал-Абад облусунда 6,2 кг баңгизат алынды

Бир нече күндүн ичинде Жалал-Абад облусунан 6 килограммдан ашуун баңгизат жана ок-дарылар алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республиканын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган «Транзит» аталышындагы ыкчам профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында бир катар баңги кылмыштарынын бети ачылды.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 19-февралында МБКнын (Бажы кызматы) кызматтык итин пайдалануу менен тинтүү иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында өзгөчө жыты бар кара куурай заты табылып алынган. Алынган “марихуана” баңги затынын салмагы 6 килограмм 223 граммды түзгөн. Тинтүү иш-чарасы баңгизаттарды сатуучу С.Р. аттуу жарандын жашаган жерине жүргүзүлгөн, ал азыркы учурда Ош шаарындагы ЖАМКнын мекемелеринин биринде жазасын өтөөдө.

«Транзит» атайын операциясын жүргүзүүнүн алкагында баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу боюнча дагы бир факты аныкталган. Кара-Көл шаарынан аталган кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган С.Б. аттуу жаран кармалып, андан кендир жыты бар 48 даана таңгакталган зат табылып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 465 грамм гашиш алынган.

Ошондой эле, 2020-жылдын 18-февралында «Транзит» атайын операциясынын алкагында башка баңги кылмыштары дагы аныкталган. КР КЖК 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Кара-Көл шаарында тинтүү иш-чараларын жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында МБКнын (Бажы кызматы) ыкчам кызматтык итти пайдалануу менен 1987-жылы туулган О.Б. аттуу жарандын сарайынан 88 грамм «гашиш» жана «марихуана» баңги каражаттары табылып алынган. Андан башка жыйырмадай сайсыз ок атуучу куралдын ок-дарылары алынган.

Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 6 килограммды 771 граммды түзгөн.

Аталган фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости