www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ак-Кула» ат майданында участоктордун ээлери документтерин көтөрүп чаап, «биз акчага сатып алганбыз» деп байкуш көрүнүп жатышат. Канат Исаев негизи туура маселе көтөргөн. Себеби, ипподромду 90-жылдары Акаевдин кадрлары, Кочкор кланынын өкүлдөрү өз ара бөлүштүрүп алышкан. Ал кезде Ат-Башынын Ача-Кайынды совхозун, кийин Кочкордун Комсомол совхозун тараткан Тынчтыкбек Турсуновду ат майданга директор кылып алып келишкени эсиңердеби?

Акаев мезгилинде Өзгөндө аким, Ысык-Көлдө губернатор орун басары, президенттик аппаратта бөлүм башчы болуп иштеген Кабылбек Жумалиев ипподромго тийиштүү көп кабат үйдү бөлүп алууга катышты беле? Ага ыраазы болбой, ат майданга тийиштүү жерлерди бөлүп, кызыл китеп жасатып, ар бири өздөрүнүн жек-жааттарына сатышканбы? «Жабыр тартып жатабыз» дегендер кимдерден сатып алганын айтпай жаткандары ошондон. Негизи алар берген акчаларын Кабылбек Жумалиевден, Тынчтыкбек Турсуновдун доолагандары оң го?

Эң башкысы, бул эргулдар ат майданды чет өлкөлүктергө сатып жиберишкенби? Бул жерде жабылуу аяк жабылуу бойдон калабы? А так, жакшылап казса, «Ак-Кула» чыры Акаев заманына барып такалат. Ал учурда Акаевди шынарлап, таасири күчтүү болуп турган Кочкор кланынын бир чакан тобу ат майданды мүлкү менен «оп тартып» койгонун көпчүлүк биле бербейби? Айтор, кырынан жаткан суроолорго күч органдары кызыгып көрөбү?

Булак: Азия News  гезити

Последние новости