www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда чет өлкөлүктөргө жерди сатууга жана ижарага берүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынат. Бул мыйзамды иштеп чыгууну өлкө президенти Касым-Жоомарт Токаев тапшырды.
«Чет элдиктерге жана чет өлкөлүк юридикалык жактарга айыл чарба багытындагы жерлерди сатууга жана ижарага берүүгө тыюу салган мыйзамды кабыл алууну тапшырам. Бул тез арада Президенттин мыйзам чыгаруу демилгеси менен жасалышы керек деп чечтим. Президенттик администрация бул маселе боюнча тийиштүү мыйзам долбоорун иштеп чыгышы керек», — деди Токаев.
Мамлекет башчысынын айтымында, комиссиянын ишинин ар бир баскычы жана андагы сунуш кылынган чаралар жөнүндө коомчулукка дайыма маалымат берилип турушу керек.
«Негизги милдеттердин бири — комиссиянын ишин жана кабыл алынган чечимдерди ачык көрсөтүү. Коомдун жерге байланыштуу бардык маселелерин туура жана натыйжалуу чече алабыз деп ишенем», — деди Токаев.
Буга чейин Токаев Казакстандын жери эч качан сатылбай турганын бир нече жолу билдирген.
Булак: NazarNews.kg