www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 12-мартта, Ташкент шаарындагы «Яшнабад» инновациялык технопаркына бирге барышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Бул технопарк жогорку технологиялуу, атаанташтыкка жөндөмдүү, экспортко ылайыкташкан жана импортту алмаштыруучу өндүрүштү түзүү милдеттерин иш жүзүнө ашырууга багытталган өнөр жай ишканалар тобун камтыйт.

Технопарктын ишмердүүлүгүнүн негизги максаты инновациялык ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, бул багытта натыйжалуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен иш алпарууга көмөктөшүү болуп саналат.

Мамлекет башчылары технопарктын көргөзмө залына барышып, электромобилдөө өндүрүш цехтерин, Өзбекстанда өндүрүлгөн продукцияларды көрүп чыгышты.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев технопарктагы ишканалардын жетекчилери менен баарлашты. Алар мамлекет башчыларына гидроэнергетика, гоелогиялык чалгындоо, машина куруу жана башкалар жаатындагы инновациялык иштелмелер жана айыл чарба, текстиль өнүмдөрү тууралуу айтып беришти.

Ошону менен бирге технопарктагы ар кыл багыттагы инновациялык иштеп чыгууларды эске алуу менен тажрыйба алмашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Өзбекстанда өндүрүлгөн транспорт каражаттары менен тааныштырууда кыргыз тарапка 20 тез жардам унаасы белек катары берилди.

Президент Садыр Жапаров «Яшнабад» технопаркынын ишинин маанисине токтолуп, анын мындан ары кеңейип, өнүгө беришин каалады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости