www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Alibaba» компаниясына рекорддук айып салынышы мүмкүн

Кытайдын монополияга каршы органдары «Алибаба» компаниясына рекорддук айып пул салуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда. «Wall Street Journal» гезити кырдаал менен тааныш булактарына таянып, айып пул 975 миллион доллардан ашышы мүмкүндүгүн жазды.

Кытайдагы мурунку рекорддук айып пул 975 миллион долларды түзгөн, аны 2015-жылы АКШнын «Qualcomm» компаниясы Кытайдын антимонополдук мыйзамдарын бузганы үчүн төлөгөн. Бул айып пул Кытайдын тарыхындагы эң ири айып пул болуп саналат.

Мындан тышкары, «Alibaba» өзүнүн онлайн платформасында продукция саткан компаниялар менен эксклюзивдүү келишим түзүү тажрыйбасынан баш тартууга аргасыз болушу мүмкүн. Бийликтин айтымында, компания ушундай жол менен өз товарын «Alibaba» компаниясына атаандаш платформаларда, анын ичинде «JD.com» сайтында сатууга чектөө койгон.

Кытай бийлиги ошондой эле «Alibaba» компаниясынын онлайн соода менен байланышы жок башка активдерин сатууну да караштырууда. Компаниянын өкүлдөрү бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартышкан. Кытайдын Мамлекеттик базарды жөнгө салуу башкармалыгы да кырдаал боюнча түшүндүрмө берүү өтүнүчүнө жооп берген жок.

2020-жылдын аягында «Alibaba» компаниясынын башкы директору Жек Ма Кытайдын каржы мекемелеринин ишин сынга алгандан кийин, компания жана анын туунду компаниясы «Ant Group» чиновниктердин көңүлүн бурду. Ноябрда биринчи жолу «Ant Group» акциясы Шанхай жана Гонконг биржаларында токтотулуп, «Alibabaдан» кийин каржылык көзөмөл күчөтүлдү. Расмий маалыматтар боюнча, IPO жокко чыгарылышына компаниянын мамлекеттик талаптарга жооп бербеши себеп болгон.

«Alibaba» — Кытайдын эң ири онлайн сатуучусу. 2020-жылы 780 миллион адам компаниянын платформалары аркылуу сатып алууларды жүргүзүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости