www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекетти шантаж менен олку-солку кылуубу?

Өкмөт башчы Садыр Жапаровдун наамына жазылган катты ошол кездеги өкмөттүн аппарат жетекчиси Бакыт Аманбаевдин колуна тапшырганбыз. Ал катта: «өкмөттүн алгачкы иштеринин бири «мамлекетке саботаж (ишти ачык же тымызын үзгүлтүккө учуратуу) кылса, физикалык жактарга, алардын ведомстволук жана жеке менчик формасына карабай кылмыш жоопкерчилигине тартылат» деген мыйзамга толуктоо киргизип, бадырайтып жазып койгула» дегенбиз. Мына ушул ишти кылбагандын себебинен, бүгүнкү күндө ар кандай ультиматумдар көбөйүп, мамлекетти олку-солку кылып жатышат.

Буга мисал, кечээ Кумтөрдүн «Центерра Голд» компаниясынын жетекчилери менен кесиптик коомунун башчылары «бизди иштетпей, мамлекеттик комиссия түзүшүп, ишибизге тоскоолдук кылып жатышат» деп мамлекетке каршы саботаж кылганга жумушчуларын үгүттөштү. Чынында бул жерде жумушчуларга эч кандай тоскоолдуктар жаралбайт. Бул тек гана «Центерра Голд» компаниясынын жетекчилери өздөрүнүн коррупциялык мыйзамсыз иштери ачыкка чыгып калбасын деген максатта уюштургандары айдан-ачык көрүнүүдө. 2012-2013 жылдары дагы ушундай мыйзамсыз иштерге барышып, ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев «Центерра Голд» компаниясын тымызын колдоп тургандыктан, булардын максаты орундалган.

Учурда мамлекеттик комиссия эч нерсесине карабай текшерип, былыктарын элге ачыктап чыгышы керек. «Центерра Голдду» «андай кылгыла, мындай саботаж кылгыла» деп Кумтөрдө акциясы бар жана ушул күнгө чейин алардын акырынан жем жеп жүргөн чөөлөр тукуруп жаткандай. Экинчи жагынан, өзүнүн жакын арада камаларын же «кусуп берерин» сезгендер саботаждын башка бир түрүн ойлоп табышып, УКМКны ичтен иритип, оңду-солду мыйзамсыз иштерди жүргүзө башташты.

Атүгүл «мыйзамсыз иштерди аткарганга буйрук берип жатат» дедиртип, президент Садыр Жапаровго жашыруун кат киргизип жатканынын өзү эле коррупциялык кландардын мыйзам менен жашагысы келбей жаткандарын ачык эле далилдеп турат. Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери жетекчисинин үстүнөн арыз менен кайрылып жатышы – мекемеде чоң мандем бар дегендикпи? Ал жерде деле өз ишин мыкты билген, билимдүү, кесипкөй адистер иштешет дегенден алысмын, ошондуктан кызматкерлердин баардыгын кайрадан аттестация кылуу абзел.

Булак: Азия News геити

Последние новости