www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогазиев: «Өкмөттүн ичинде аткезчилерди коргогондор бар»

Чийки айыл чарба азыгын Кыргызстанга импорттоодо кошумча нарк салыгын алып салуу керек. Натыйжада азык-түлүктүн баасы төмөндөйт, ата мекендик өндүрүш өнүгүп, миңдеген жумуш орун пайда болот. Бирок өкмөттүн ичинде аткезчилердин лоббисттери бар. Бул тууралуу мурдагы Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев билдирди.

Анын айтымында, аткезчилер Кыргызстандагы өндүрүштүн өнүгүүсүнө кызыкдар эмес. Анткени даяр продукциянын импорту токтоп калат.

«Бир эле ундан жылына бюджетке 1 млрд сом түшпөй каларын аныктадым. Калган продукцияларды санап көргүлө… Бул маселени көтөрүп чыксам, өкмөттүн ичиндеги айрым адамдар душмандарга иштеп жаткандай болду. Алар бизге каршы иштеп жатышты. Бир депутат чакырып: «Тилек, аткезчилик жакшы, ал Кыргызстанды өнүктүрөт», — деп айтып жатат. Аткезчилерди коргогон депутаттар толтура», — дейт Токтогазиев.

Ал саясий элита аткезчилердин кызыкчылыгын коргоп жүрө берсе, Кыргызстан мамлекеттүүлүгүн жоготорун белгиледи.

«200-300 миң сомду казынага төлөбөй туруп, бир фурадан 30 миң сом алып койсо, чек аранын эмне кереги бар? Мамлекеттин саясаты үчүн ишкерлер чыгымга учурап жатат. Кыргыстандык өндүрүүчүлөр продукцияларын өлкө аймагында сата албай жатканда, кайдагы экспорт тууралуу кеп кылабыз?» — дейт Токтогазиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости